Биз менен байланышыңыз

Нурбаев аэропорттордун башкаруусун өзгөртүүгө каршы тараптарды атады

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Окт 2019 | 725 | 0

Кыргызстан Европа менен Азиянын ортосунда жайгашкандыктан бир топ мүмкүнчүлүктөрдү колдоно алат. Ал үчүн аэропорттордун башкаруусун өзгөртүү зарыл. Бирок аэропорттор, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Транспорт министрлигинде ага кызыкдар эмес адамдар да бар. Ага карабай эл аралык тендер өткөрүү аракети жүрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Акышев: «Ачык асман» ишке киргенден бери Оруссиянын 5 шаарына жаңы аба каттам ачылды

Анын айтымында, сингапурдук компания да тендерге катышууга кызыкдар. Аба майдандарын башкарууну эл аралык деңгээлдеги ири компанияга берүү зарыл. Болбосо мамлекет жакшы көзөмөлдөй албай, коррупциялык элементтер боло берет.

«Мындан сырткары, эл өкүлдөрү ички каттамдар аркылуу иш алып барган авиакомпанияларга жеңилдик берүү боюнча мыйзам долбоорун даярдашты. Учурда өкмөттүн токтомун күтүп жатышат. Өкмөт салыктан бошото турган мыйзамдарга оңой менен корутунду бербейт. Ал эми регламент боюнча өкмөттүн корутундусу жок болсо, мыйзам каралбайт», — дейт Нурбаев.

Ал өкмөт менен Траспорт министрлиги жакшы иштесе, «Ачык асман» саясаты иштеп кетерин кошумчалады.

«2 аэропорт «Ачык асман» менен иштеп кетсе, «Кумтөргө» караганда көп салык төлөйт»

Copyright © 2017 Maral FM