Биз менен байланышыңыз

«2 аэропорт «Ачык асман» менен иштеп кетсе, «Кумтөргө» караганда көп салык төлөйт»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Окт 2019 | 1039 | 0

Ош жана Бишкек шаарларынын аэропорттору «Ачык асман» саясаты менен иштеп кетсе, «Кумтөргө» караганда көп салык төлөй алышат. Бирок өкмөт «Ачык асман» саясаты боюнча мыйзамдын укуктук-ченемдик актыларын иштеп чыгууда чабал болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөттө иштеген адамдардын шалаакылыгынан улам тийиштүү укуктук-ченемдик актылар өз убагында иштелип чыкпай жатат. Ага карабай биринчи каттамдар ачыла баштады.

Мындан сырткары, аэропортторду дүйнөдөгү алдыңкы компанияларга башкарууга берүү боюнча өкмөттө жумушчу топ түзүлүп, 5 айдан бери иштеп жатат. Бул боюнча учурда 2 эл аралык институт менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

«Азия өнүктүрүү банкы презентациясын жасады. 1-2 жумада Дүйнөлүк банк да сунуштарын берет. Өкмөт ошого карап, чечим кабыл алат. Аэропортту башкарган ишкана ишенимге кирбесе, ири авиакомпаниялар келбейт экен. Эгерде аба майдандарды эң алдыңкы компанияга башкарууга берип алсак, инвестициялык келишим түзүлүп, биздин кызыкчылыктар эске алынат. Анын арты менен «Ачык асман» ийгиликтүү иштейт. Аэропорттор сатылып кетпейт, андан коркпоо зарыл», — дейт Нурбаев.

Ал жакында Жогорку Кеңеште «Ачык асман» саясаты боюнча угуу өтөрүн кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM