Биз менен байланышыңыз

Мораторий жапайы жандыктарды калкалай алабы?

Коом | 1 Окт 2019 | 690 | 0

Буга чейин кызыл китепке кирген жандыктарды атууга айып пул салынып келген. Ага карабай, жапайы жандыктардын саны жылдан жылга азайып баратканын коомдук активисттер кулак кагыш кылып келишет. Мындан улам 2030-жылга чейин өлкө  аймагында жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө, тагыраагы, аркар-кулжага, тоо эчкисине, эликке жана каманга аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталды. Бул маселе Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинде талкууланды.

Демилгечи депутат Экмат Байпакпаев жаныбарларды сактап, көбөйтүү керектигин жана туристтерди тартуу максатында бул мыйзам зарыл экенин айтты.

— Мыйзамды киргизүүнүн негизги максаты: кызыл китепке кирген жаныбарларды сактап калуу. Чет өлкөлүк туристтерге көрсөтөлү, келип сүрөткө тартып кетишсин. Бул мыйзамды өкмөт колдоп, өз көзөмөлүнө алса жакшы болот эле.

Кочкор районунун тургуну, мергенчи Кубанычбек Жоробаев көп жылдан бери аңчылык менен алектенерин, атайын документтери бар экенин айтып, кызыл китепке кирген жаныбарларды атпай турганын маалымдады.

— Колубузда тиешелүү документтер бар. Бизди көзөмөлдөп турат, ошондуктан сейрек кездешүүчү жаныбарларга тийбейбиз. Бирок көбүнчө чет жактан келген аңчылар атып кетиши мүмкүн.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой-чарба агенттиги жаныбарлар жүргөн коруктарды дрон аркылуу көзөмөлгө алып жатат. Мекеменин маалымат кызматынын жектечиси Бактыбек Рысалиевдин айтымында, тескерисинче, сейрек кездешүүчү жаныбарлар жылдан жылга көбөйүп баратат.

— Демилгечилер эмнеге таянып айтып жатканын билбей турам. Себеби, биз белгилүү коруктардагы жаныбарларды дрон аркылуу көзөмөлгө алабыз. Кайсы жаныбар көбөйүп, же азайып жатканына байкоо жүргүзүп турабыз. Тескерисинче, мурда жок болуп кеткен жаныбарлар көбөйүп жатат.

Кошумчалай кетсек, деңиз деңгээлинен 3600 метрден 4200 метрге чейинки бийиктикке фотокапкан орнотулуп, ал аркылуу кызыл китепке кирген илбирс, улар, кулжа, мадыл, тоо эчки сыяктуу жапайы жандыктар көзөмөлгө алынып турат.

Copyright © 2017 Maral FM