Биз менен байланышыңыз

Суракка чакырылган министр президент менен Ереванга кетти

Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 664 | 0

Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева бүгүн, 30-сентябрда Ереван шаарына 1-октябрда өтө турчу Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышуу үчүн Бактыгүл Жеенбаевадан башка дагы Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Орусиядагы элчи Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да барышат.

Эске салсак, кечээ 29-сентябрда министр Бактыгүл Жээнбаева 30-сентябрга Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка суракка чакырылган.

«Азаттыкка» берген маегинде Жээнбаева 30-сентябрда иш сапарына кете турганын айтып, сурак берүү күнүн жылдырууну сурай турганын кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM