Биз менен байланышыңыз

Кичин «Динамо-Минск» — «Шахтер» беттешинин — мыкты оюнчусу

Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 439 | 0

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын капитаны, учурда беларустун «Динамо-Минск» клубунда ойноп жаткан Валерий Кичин «Динамо-Минск» — «Шахтер» беттешинин мыкты оюнчусу деп табылды.

Кичин жана Ко кезектеги турда Солигорск шаарынын «Шахтер» клубу менен беттешип, эсеп 1:1 тең чыгуу менен аяктады.

Кыргызстандык коргоочу бул беттеште негизги курамда чыгып, беттештин аягына чейин оюн алып барган.

23 турдан кийин «Динамо-Минск» Беларусиянын чемпионатында турнирдик жадыбалда 4 сапта келатат.

Copyright © 2017 Maral FM