Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев: Өзбекстандагы эң абройлуу адам — мугалим болушу керек

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 1755 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өз өлкөсүндөгү мугалимдерди майрамы менен куттуктап, аларга кайрылуу жолдоду. Ал жакын арада «Өзбекстандагы эң абройлуу адамдар мугалимдер болушу керек», — деп билдирген.

Ошондой эле өзбек ажосу кайрылуусунда билим берүү тармагындагы реформалар жана жасала турган иштерге токтолгон. Анда билим берүүгө бөлүнгөн каражаттын 81 %ы жаңы мектеп салууга кетип жатканын айткан. Ошондой эле 2010-2016-жылдары өлкөдө 99 мектеп жабылган болсо, акыркы үч жылда, тескерисинче, 238 жаңы мектеп ачылганын белгилеп өткөн.

Маалым болгондой, эртең 1-октябрда Өзбекстанда «Мугалимдер күнү» белгиленет.

Copyright © 2017 Maral FM