Биз менен байланышыңыз

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева суракка чакырылды

Кыска кабар | 29 Сен 2019 | 1035 | 0

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына 30-сентябрга суракка чакырылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазды.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери атайын күч түзүмдөрү менен биргеликте соттун чечиминин негизинде, Өкмөттүн астындагы эл аралык сотторго жооптуу болгон борборундагы төлөмдөр боюнча, акча каражаттарын максатсыз пайдалануу боюнча Каржы министринин кабинетин текшерүүгө алган.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, бюджеттен  1, 6 млн сом бөлүү каралган жерге,  6 млн сом акча максатсыз пайдаланганы айтылган.

Ошондой эле маалыматта, текшерүү министрдин кабинентинен башталгандыгы айтылат. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча Бактыгүл Жээнбаева уруксат берүүчү документтерге кол койгон.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM