Индонезиядагы жер титирөөдөн 30 киши каза болуп, 156 киши жабыркады. Ал эми 25 миңге жакын жашоочулар үйүн таштап чыгууга аргасыз болду.
Өзгөчө кырдаалдар министирлиги 9-октябрга чейин куткаруу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт.
Жер титирөө 6,6 баллга чейин болгон.
Кошумчалай кетсек, Саумлаки аймагында да 22-сентябрда 6,4 баллдык жер титирөө катталган болчу.