Марал Радиосу

Индонезияда жер титирөөдөн 30 киши каза болду

Индонезиядагы жер титирөөдөн 30 киши каза болуп, 156 киши жабыркады. Ал эми  25 миңге жакын жашоочулар үйүн таштап чыгууга аргасыз болду.

Өзгөчө кырдаалдар министирлиги 9-октябрга чейин куткаруу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт.

Жер титирөө 6,6 баллга чейин болгон.

Кошумчалай кетсек, Саумлаки аймагында да 22-сентябрда 6,4 баллдык жер титирөө катталган болчу.

Exit mobile version