Биз менен байланышыңыз

2018-жылы Кыргызстанда эс алгандардын саны 1,4 миллионго жетти

Кыска кабар | 29 Сен 2019 | 387 | 0

2018-жылы 486 эс алуу жайлары жана туризм уюмдары туристтерди кабыл алды. Алардын ичинде: мейманканалар – 194, турфирма жана туроператорлор, саякат жана экскурсия бюросу — 64, жаратылыш паркы – 9, жана  30дан ашык башка мекемелер бар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Өткөн жылы эс алгандардын саны 1,4 млн. жакын адамды түздү, алардын ичинен 43,5 %ы Ысык-Көл облусуна туура келди. 2018-жылы туризм чөйрөсүндөгү ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин орточо тизмелик саны 8,5 миң адамды түздү. Ошондой эле туризм чөйрөсүндөгү бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 10 миң 852 сомду түздү.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтары боюнча 2018-жылы чек араны кесип өткөн чет элдик жарандардын саны 7 млн. ашык адамды түздү, бул 2017-жылдын деңгээлинен 1,5 эсеге көп. Чет элдик жарандардын негизги агымы Өзбекстан, Казакстан, Орусия жана Тажикистандан келген.

2018-жылы туризм чөйрөсүнө чет өлкөлүк инвестициялар 60 млн. долларга жакын тартылды, бул 2017-жылга караганда 3,5 эсеге көп. Туризм чөйрөсүндөгү чекене соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 23,4 млрд. сомду түздү, бул мурунку жылга салыштырмалуу жүгүртүүнүн көлөмү 4,6 %га көбөйдү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM