Биз менен байланышыңыз

Катар жана Сеулдан түз авиакаттам ачылат

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 469 | 0

Катар жана Сеулдан түз авиакаттам ачылат. Бул тууралуу «Кыргыз Туризм» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Данияр Казаков бүгүнкү жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, Сеулдан түз каттам Тажикстан аркылуу өтөт.

«Быйыл туристтер эң көп келген жыл болору күтүлүүдө. Учурда Индия, Кытай, Араб Эмираттарынан кайрылуулар келип түшүүдө. Ошондой эле туристтик жайлар оңдолууда. Ысык-Көлдө дааратканаларды куруу иштери жүрүп жатат», — деди Казаков.

Андан сырткары, аймактарда жаңы туристтик жайларды, атайын маршруттарды түзүү пландалып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM