Биз менен байланышыңыз

Каныбек Исаков: Мектеп фонду боюнча маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү керек

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 792 | 0

Мектеп фонду боюнча маселени конструктивдүү сүйлөшүү жолу менен чечүү керек. Мындай пикирин Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Бүгүн, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Сокулук районунан келген 17 мектептин директору, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана мектеп фондун түзүүгө каршы чыккан ата-энелер тобу менен жолугушуу өткөрдү. Анда ата-энелердин да, мектеп жетекчилигинин да дооматтары, жүйөлөрү угулду.

Министр Каныбек Исаков мектеп фонддору ата-энелердин нааразылыгын жаратып, бир нече жылдан бери курч маселелердин катарында турганын белгилеп, жыйындын катышуучуларына маселени конструктивдүү сүйлөшүү жолу менен чечүү жолдорун сунуштады. Мындан сырткары, топтолгон каражатка мектеп жетекчилери аралашпай, ата-энелер акчаны атайын терминалдарга гана төлөп, эсепти өздөрү көзөмөлдөшү керек деген пикирин айтты. Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн адистерге атайын автоматташтырылган программаны иштеп чыгууну тапшырды. Мында ар бир ата-энеде каражаттын кайда жумшалып жатканын онлайн көзөмөл жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Муну менен катар, көп балалуу, аз камсыз болгон жана майып балдары бар үй-бүлөлөрдү акча берүүдөн бошотуу талабын койду.

Ал эми мектеп директорлору түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун бир жолу катары ата-энелер чогулткан акчанын бирдиктүү суммасын бекитүүнү сунушташты.

Бирок ата-энелердин өкүлү Чынара Апиева бул процесс ачык-айкын болушу керектигин талап кылды. Апиева билим берүү мекемесиндеги коопсуздук кызматынын, пол жуучу кызматкердин эмгегин жана майда чыгашаларга кеткен каражатты камкордук кеңештери гана көзөмөлдөсүн деген сунушун билдирди.

Жыйынтыгында топтолгондор бир пикирге келип, мындан ары мектеп фонддоруна чогултулуучу каражаттын суммасын ата-энелер өздөрү аныктап, аны көзөмөлдөө вазыйпасы да аларга жүктөлмөй болду. Мектеп жетекчилери бул жараянга кийлигишпөөгө макул болушту.

Copyright © 2017 Maral FM