Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 607 | 0

Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү майрамына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана маалымат каражаттары менен иштөө бөлүмү билдирди.

Бул кытай тараптын демилгеси менен болууда. Ага ылайык «Торугарт-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекети 1-октябрдан 6-октябрга чейин жабылат. 7-октябрдан тарта кыймыл жанданат.

Ал эми «Эркечтам-Автожол» бекети биринчи октябрдан үчүнчү октябрга чейин жабылат. 4-октябрдан тарта чек ара ачылат.

Copyright © 2017 Maral FM