Биз менен байланышыңыз

Президент Жети-Өгүздүн элине «Санарип аймак» боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 461 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуп жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирүүдө.

Өлкө башчысы аймактарды өнүктүрүү, жергиликтүү ишкердикти колдоо, экологиялык таза азык-түлүктү экспорттоо, өлкөнү санариптештирүү, ирригация жана таза суу менен камсыздоо улуттук долбоорлору, арзан турак жай менен камсыздоо, жол жана социалдык инфратүзүмдү куруу, энергетикалык долбоорлор, саламаттыкты сактоо жана билим берүү, сот-укуктук реформалар, коррупцияга каршы күрөш, куралдуу күчтөрдүн кубатын арттыруу, тышкы саясатта аткарылып жаткан иштерге кенен токтолду.

Мындан тышкары өлкө боюнча санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан «Түндүк» электрондук системасы, «Санарип аймак» санариптик платформасы, «Электрондук нотариат» долбоору, «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз жол кыймылы» долбоорлору, Digital CASA долбоору тууралуу да айтып берди.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM