Биз менен байланышыңыз

Трамп менен Зеленский алгачкы ирет жолугушту

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 486 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп менен Украина президенти Владимир Зеленский Нью-Йоркто жолугушту. Бул эки өлкө башчысынын алгачкы кездешүүсү болду.

Жолугушуу учурунда Трамп Зеленскийдин жемкордук менен күрөшүү ыкмасын кубаттап өттү. Ошондой эле Украинага аскердик жабдууларды, тик учактарды жеткире баштаганын айтты.

Трамп Крым маселесине токтолуп, Орусия аны мурунку президент Барак Обаманын тушунда өзүнө каратып алганын белгилеп, эми Украина Орусия менен жолугушуп, маселени чогуу талкуулайт деген үмүтүн билдирди.

Ошондой эле АКШда өтүүчү алдыдагы шайлоо тууралуу сөз болду. Зеленский Киев АКШнын ички маселесине кийлигишпей турганын, Украина да өзүнө карата ушундай эле мамилени талап кыларын белгиледи. Зеленский АКШга жардам эмес, колдоо сурап келгенин айтты.

Кошумчалай кетсек, эки өлкө лидери буга чейин бир ирет телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Маек учурундагы козголгон темалар АКШ Конгрессинин Трамптын импичментин талап кылуу демилгесине алып келди. Палата өкүлдөрү Трамп украин президентин өз тарабына тартууда Украинага аскердик жардам берүүнү токтотуп коюу менен коркутушу мүмкүндүгүн айтышкан. Ошондой эле Трамп украин лидери менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө Украинада мурдагы вице-президент, президенттик шайлоого аттанып жаткан Трамптын башкы оппоненттеринин бири Жо Байденге жана анын уулуна карата иликтөө жүргүзүүнү талап кылган. Бирок Трамп бул өтүнүч экенин, эч кандай кысым көрсөтүү болбогонун билдирген.

Нью-Йорк Зеленский менен Трамптын алгачкы жолугушуусуна даярданууда

Copyright © 2017 Maral FM