Биз менен байланышыңыз

Өкмөт айрым жол эрежелерин бузгандарга салынган айыптын көлөмү көп болуп калганын моюнга алат

Кыска кабар | 25 Сен 2019 | 425 | 0

Кыргыз Өкмөтү жол кыймылынын эрежелеринин бир канча түрүн бузган айдоочуларга салынуучу айыптын көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт. Буга байланышкан билдирүүнү Өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн таратты.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жолдогу майда эреже бузуулар боюнча айып пулдарды азайтуу тууралуу коомчулуктан жетишерлик кайрылуулар келип түшкөнүн белгилейт.

«Коопсуз шаардын» алкагында коюлган аппараттык-программалык жабдуулардын негизинде унаа ээлерине эрежелерге баш ийүүгө жана жолдорду тартипке келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок өлкөдөгү жашоонун деңгээли жана орточо көлөмдөгү айлык акыны эске алганда, айрым жол кыймыл эрежелерин бузгандарга салынган айыптын көлөмү көп болуп калганын моюнга алуу керек. Биз коомчулуктун келтирген жүйөсүн уктук. Ошол эле учурда мас абалында унаа башкаруу сындуу жол кыймылынын олуттуу эрежелери бузулган учурда төлөнүүчү айып мурдагыдай эле болот», — деди Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр муну менен катар унаа ээлеринин унааны башкаруу маданиятын жогорулатууга жана жол кыймылындагы процесстин бардык катышуучуларынын алдындагы жоопкерчиликти сезе билүүгө, жолго чыгып жатканда, унаа адамдар үчүн орду толгус зыян алып келиши мүмкүн экенин унутпоого чакырат.

Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбооруна ылайык, бузуулардын 8 түрү боюнча айып пулдардын категорияларын азайтуу сунушталууда:

— жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;

— жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнүн, же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузууларын кошпогондо);

— токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

— коопсуз аралыкты сактабоо, же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө унаа токтотууну бузуу;

— автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

— жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын светофордун тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо;

— каршы кыймылдын тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;

— тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу;

Жогоруда тизмектелген эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү болжолдонууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Ички иштер министрлиги «Айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM