Биз менен байланышыңыз

Президент: Аксап жаткан билим берүү тармагын баарыбыз биргеликте оңдошубуз керек

Кыска кабар | 25 Сен 2019 | 541 | 0

Бүгүн Билим берүү жана илим министри кызматына жаңыдан дайындалган Каныбек Исаков Жогорку Кеңеште ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга расмий киришти. Министр ант берген жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков да катышты. Мамлекет башчысы Каныбек Исаковду куттуктап, берген анттын зор маанисин сезе билип, эл-жерибизге, кыргыз мамлекетине жан-дили менен ак кызмат кылуусун каалады.

Өз сөзүндө өлкө башчысы мамлекеттен билим берүү тармагына бөлүнгөн каражат көбөйгөнү менен жыйынтык күтүлгөндөй болбой жатканын белгиледи.

«Билим берүү сапатына, китептердеги каталарга, сабак жүктөмдөрүнүн көптүгүнө нааразычылыктар арбын айтылууда. Акыркы учурда билим берүү тармагына бөлүнгөн каражат көбөйдү, бирок жыйынтык биз күткөндөй болгон жок. Жыйынтык жетекчиден, адамдык фактордон көз каранды. Билим берүү тармагы – улуттун, өлкөнүн келечеги. Жаңы жетекчинин тажрыйбасын билебиз, ишенебиз. Мен баш болуп, бардык бийлик бутактары билим берүү тармагына жардам көрсөтөлү. Биргелешип иштеп бул абалдан чыгышыбыз керек!» — деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM