Биз менен байланышыңыз

АКШ Башкы Ассамблеяга баруу үчүн орусиялыктарга виза берген жок

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 451 | 0

Орусия делегациясынын 10 мүчөсү БУУнун кезектеги Башкы ассамблеясына катышуу үчүн Америка визасын ала алышкан жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, америкалыктар Орусия тарап виза үчүн документтерди туура эмес убакытта тапшырганын айткан. Ал эми Орусиянын ТИМ өкүлү Мария Захарованын айтуусу боюнча документтер Америка дипломаттары көрсөткөн убакытта эле тапшырылган.

Орусиялык сенатор Константин Косачев америка дипломаттарынын бул аракетинин «түшүндүрмөсү» жок экендигин белгиледи.

Федерация кеңешинин мүчөлөрү быйыл 24-30-сентябрда уюштурулган жыл сайын өтүүчү БУУнун Башкы Ассамблеясына катышуусу керек болчу.

Copyright © 2017 Maral FM