Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жыл сайын 10 миңден ашуун үй-бүлө ажырашат

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 1386 | 0

Жогорку Кеңештеги аял депутаттардын форуму жыл сайын 10 миңден ашуун үй-бүлө ажырашып жатканына жана ортодо калган балдардын келечегине тынчсызданышып, алименттер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташты.

Депутат Айсулуу Мамашеванын айтымында, бул ирет алименттин өлчөмүн жогорулатуу жагы көтөрүлдү. Башкысы, балдардын кызыкчылыгын коргоо приоритети турат. Маалыматтар боюнча, алимент төлөөдөн качкан 40 миңден ашуун адам бар. Анын 92 %ы эркектер болсо, 8 %ы аялдар.

1990-жылы кабыл алынган алименттер тууралуу мыйзамга бир дагы өзгөртүү киргизиле элек.

Ошондой эле баланын Кыргызстанда дарыланууга, спорттук жана башка мелдештерге, эс алууга убактылуу чыгып кетүүсүнө зарылчылык жаралса, ата-энелердин ортосундагы талаш-тартыш болгон учурда сот ишти өндүрүшкө кабыл алган учурдан тартып бир айдан кеч эмес мөөнөттө карап, талаш-тартышты чечет. Мында бала үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөө ата-энелердин биринин арызынын негизинде соттун чечими боюнча жүргүзүлөт деп сунушталууда.

Талкуунун жыйынтыгында алименттер жөнүндөгү мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жактырган Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет аталган мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кароосуна жолдоду.

Copyright © 2017 Maral FM