Биз менен байланышыңыз

Грета Тунберг: Силер менин балалыгымды, кыялдарымды уурдадыңар [видео]

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 873 | 0

Дүйнө боюнча таасирдүү өспүрүм катары таанылган швециялык Грета Тунберг климаттык өзгөрүүлөрдөгү көйгөйлөргө арналган БУУнун саммитинде эмоционалдуу түрдө сүйлөп трибунага чыкты. Ал өз сөзүндө бийликтегилерди акча жана экономикалык өсүү гана кызыктырарын, а дүйнөдө адамдар өлүп, экосистема кыйрап жатканын айтты. Бул тууралуу ВВС дүйнөлүк басылмасы жазды.

Речь экоактивистки Греты Тунберг в ООН

"Как вы смеете!" 16-летняя шведская экоактивистка Грета Тунберг обратилась ко взрослым с трибуны ООН с пламенной речью.

Опубликовано BBC News Russian Понедельник, 23 сентября 2019 г.

«Мен азыр бул жакка чыгып сүйлөбөй, мектепте болушум, билим алышым керек болчу. Силер, куру убадаңар менен менин балалыгымды, менин кыялдарымды уурдадыңар»,— деди Грета Тунберг.

16 жаштагы Грета Тунберг эң жаш жана белгилүү жаратылыш коргоочу. Бир жылга жетпеген аралыкта экология көйгөйү менен швед, британ парламенттеринде сүйлөп чыккан кыз Нобель сыйлыгынын номинациясына татып, «GQ» журналынын версиясы боюнча «Жыл адамы» наамын алууга жетишкен.

Эске салсак, 23-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын климаттык өзгөрүүлөргө багытталган бир күндүк саммити өттү.

Copyright © 2017 Maral FM