Биз менен байланышыңыз

ТИМ башчысы Айдарбеков БУУнун саммитине катышты

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 360 | 0

Нью-Йорк шаарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков СВМДАга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин формалдуу эмес жолугушуусуна жана климаттын өзгөрүүсү жаатындагы чаралар боюнча Саммиттин ачылышына катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министр Айдарбеков өз сөзүндө Кыргызстан СВМДАга мүчө-мамлекет болуу аркылуу кеңешменин өз ара ишенимин бекемдөө, кызматташтык жана аймактык коопсуздукту чыңдоо максаттары менен принциптерин, СВМДАга мүчө башка мамлекеттер менен өз ара аракеттенүү жана достук мамилелерин карманарын баса белгиледи.

Саммит БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин демилгеси менен климат жана климаттын өзгөрүүсү жаатындагы чаралар боюнча Париж макулдашуусун ишке ашырууда БУУга мүчө-мамлекеттердин күч-аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн өткөрүлүп жатат.

Саммиттин ишине климаттын өзгөрүүсү жаатындагы реалдуу чараларды, анын ичинде Париж макулдашуусуна ылайык өздөрүнүн улуттук пландарын сунуштаган дүйнөлүк лидерлер, өкмөт мүчөлөрү, финансылык чөйрөлөр, бизнес жана жарандык коом өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле көп тараптуу иш-чаралардын алкагында Чыңгыз Айдарбековдун Гайана, Лаос жана Мальдив өлкөлөрүнүн тышкы саясий мекемелеринин башчылары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM