Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков түрк ишкерлерин бир катар тармактарга инвестиция салууга чакырды

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 719 | 0

Кыргызстандын экономикалык потенциалын көтөрүүгө багытталган бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууну максат кылдык. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-сентябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес-форумунда билдирди.

Өлкөнүн транзиттик дараметин пайдалануу үчүн транспорт инфраструктурасын жакшыртабыз. Автомобиль жана темир жол байланыштарын кеңейтебиз, авиаташуулар рыногун өнүктүрүп, соода-логистикалык хабдарды түзөбүз. Инвесторлор кызыга турган чакан жана ири ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорубуз бар. Туризм багытында да долбоорлорду чогуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр арбын. Кыргыз тарап экологиялык жактан таза органикалык продукцияларды, анын ичинде этти, кургатылган жемиштерди, балды, жаңгак жана төө бурчакты экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө даяр. Алар Түркиянын рыногунда өз ордун табат деп ишенебиз.

Ошондой эле, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүүнү ишке ашыруу жүрүп жатканын кошумчалады.

Мындан сырткары, президент түрк ишкерлерин жогоруда аталган тармактарга инвестиция салууга чакыруу менен Кыргызстанда инвестордун активдери жана жеке менчиги кол тийбес экенин белгилеп, буга Кыргыз мамлекети толук кепилдик берерин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM