Биз менен байланышыңыз

Президент октябрда Режеп Тайып Эрдоган менен жолугат

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 483 | 0

Президент октябрда Азербайжан өлкөсүнө иш сапары менен барат. Ал жактан Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн кыргыз-түрк бизнес-форумунда билдирди.

Мамлекет башчысы билдиргендей, эки өлкөнүн ортосундагы көп жылдык саясий өнөктөштүк жыл өткөн сайын бекемделип, жогорку деңгээлге жеткен.

«2018-жылы Түркияга расмий иш сапарым болгон. Ошол эле жылдын сентябрь айында Режеп Тайып Эрдоган мырза расмий визит менен Кыргызстанга келген. Эрдоган мырзанын жеке колдоосу аркылуу Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин саммити өткөрүлгөн. Түркия президентинин визитинин алкагында кыргыз-түрк бизнес-форуму өткөн«, — деп эскерди Жээнбеков.

Мындан сырткары, мамлекет башчысы ушул жылдын октябрь айында Азербайжанга жасаган сапарында Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуп, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулана турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM