Биз менен байланышыңыз

Бүгүн парламенттик комитетте чек ара маселеси талкууланат

Кыска кабар | 24 Сен 2019 | 345 | 0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн, 24-сентябрда чек ара маселелерине байланыштуу мурда чыгарылган токтомдордун жана чечимдердин аткарылышы тууралуу маселелерди талкуулашат.

Ошондой эле чек ара боюнча Өкмөтүн өкүлү, вице премьер-министр Жеңиш Раззаков маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берет.

Эске салсак, 16-сентябрда Лейлек районунун тажиктер менен чек арада жайгашкан Максат айлында эки тараптуу ок атышуу болгон. Анын кесепетинен бир чек ара кызматкери каза болуп, 13 адам жаракат алган. Алар учурда Бишкекте дарыланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM