Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Баткендин Төрт-Көчөсүндө чатак чыгып кетүү коркунучу бар

Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 1373 | 0

Бүгүн, 27-январда саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышкан. Учурда жагдай өтө жакшы болбой, чыр-чатак чыгып кетүү коркунучу туулуп турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров жөнөп кетишти.

Учурда Кыргызстандын чек арачылары Төрт-Көчө тарапты күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алышты. Чатакты болтурбоо чаралары көрүлүп жатат.

Кырдаал боюнча кошумча маалыматтар берилип турат.

Copyright © 2017 Maral FM