Биз менен байланышыңыз

Исаков: Билим берүү министрлигинин имаратында да оптимизация болот

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Сен 2019 | 719 | 0

Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында да оптимизация болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков «Маралга» маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда министрликтин 4-кабатында билим берүү системасына байланыштуу долбоорлор менен иштеген топтор отурат.

«Азыр баарын карап жатабыз. Долбоорлор билим берүүгө жардам берип жатса, инвестициялар көз менен көрүп, кол менен кармагандай болушу керек. Кыргыз билим берүүсүнүн талаптары аткарылып, анда улуттук баалуулуктар эске алынуусу зарыл. Таңууланган саясатты жок кылабыз деген ой бар», — дейт Исаков.

Ал буга кошумча кризистик кырдаалдарда эки чоң окуу жайдын ректору болуп, жаштык, курчтук менен бир топ иштерди жасаганын эске салды.

«8 жылда ОшМУну жаңы сапатка көтөрө алдык. Кесипкөй адистердин башын кошуп, билим берүү системасын даңгыр жолго салабыз», — дейт министр.

Copyright © 2017 Maral FM