Биз менен байланышыңыз

Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынан [фоторепортаж]

Кыска кабар | 22 Сен 2019 | 914 | 0

21-сентябрда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Талас облусундагы Кыргыз улуттук «Манас Ордо» тарыхый-маданий комплексинде Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи болду.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков көчмөндөр оюндары кыргыз элинин биримдигин, бир эл, бир журт экенин даңазалаган тарыхый жөрөлгөнү жаңыртып, улантып жатканын белгиледи.

Салтанаттуу аземде «Манас» эпосу боюнча театрлаштырылган оюн-зоок, баардык облустардан келген спортчулардын жана маданият өкүлдөрүнүн парады, концерттик программа көрсөтүлдү. Улуттук көчмөндөр оюндарын 2020-жылы өткөрүү эстафетасы Ош облусуна берилди.

Эске салсак, Талас облусундагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында 8 улуттук түрү боюнча спорттук мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM