Биз менен байланышыңыз

Жапония: «Тапа» тайфуну Окинава аралын ойрондоду [сүрөт]

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Сен 2019 | 555 | 0

Жапониянын Кума жана Окинава аралдары жайгашкан деңизден көтөрүлгөн «Тапа» тайфуну аталган аралдарды бүлгүнгө учуратты. Бул тууралуу Жапониянын Метеорология агенттигинин маалыматына таянып, cnnturk.com сайты жазды.

Кечээ башталган бороондуу толкун улам жылып баратканы кабарланды. Секундасына 35 метр ылдамдыкта жүрүп, эпкини 50 метрге чейин жеткен бороондун басымы  970 гектопаскалды түзгөн. Жергиликтүү Метеорология агенттиги бул бороондуу толкун 30 километрден ашык жерге жүрүп, Жапония аралдарынан өтүп, Корея жарым аралдарына чейин жетиши мүмкүн экенин айткан.

Бороондуу толкундан улам, Жапония бийлиги бардык унаа каттамдарын токтотту. Ошондой эле, бүгүн уча турган жана жакынкы күндөрү учууга камданган 270 аба каттамын да артка кайтарууга аргасыз болушту. Жапония Саламаттыкты сактоо министрлигинин айтымында, төрт адам дайынсыз жоголуп, бир нече адам жаракат алган. Ошондой эле, бир канча имарат жарактан чыккан. Учурда эки аралдын тургундары коопсуз жайларга көчүрүлдү.

Белгилей кетсек, аталган өлкөдө 9-сентябрда да «Факсай» аттуу бороондуу толкун катталып, 61 адам жаракат алып, эки адам дайынсыз жоголгон. 920 миңден ашуун турак жайдын электр линиялары үзүлүп, бир жума жарыксыз калышкан. Мындан улам 3 миллионго жакын адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM