Биз менен байланышыңыз

ДЕНЕҢДИ  УГУП  КӨРЧҮ… САГА АЙТА ТУРГАН КӨП СӨЗҮ БАР. АЛ СӨЗДӨР БУЛ КИТЕПТЕ…

Блог | 20 Сен 2019 | 2009 | 0

Бул китеп адамдын өзүн таанууга арналган. Китеп кайрылуу формасында жазылып, адамдын денесиндеги 17 орган сүйлөйт. Бул китептеги материалдардын түп нускасы биология илимдеринин доктору, профессор, түркиялык Ариф Сарсылмаздын калемине таандык. Аталган макалалар Түркияда илимий-маданий журналда сандан-санга чыгып келген. «Жамгыр» басма үйү аталган макалаларды кыргызчага которуп, бир китепке чогултуп, кыргыз окурмандарынын назарына сунду. Китеп 176 бет, түстүү болуп басылган.

Аталган китеп тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, «Green Clinic» клиникасынын жетекчиси Султан Тукешов китептин баш сөзүндө мындай деген:

«Колуңузда кармап турган китеп азыркы учурдагы адамдын дене түзүлүшү боюнча кыргыз тилиндеги басылмалардын арасында аналогу жок алгачкы китеп болуптур десем аша чапкандык болбостур. Маалыматтар тезистелип кыска, нуска, так мааниси менен, өтө кызыктуу, окурманга жеткиликтүү форматта берилиптир. Бул китеп медициналык атайын билими жок адамдарга кандай пайдалуу болсо, ошондой эле, доктурларга да маалы менен ачып карап коюп турчу кеп сырга боло турган чыгармачылык болуптур. Өзгөчө Медициналык академиянын студенттерине да өтө чоң пайдасы тие турган китеп экен. Анткени 5-6 жыл окулуп, кыйынчылык менен топтоло турган билимди өтө жеңилдетилген формада түшүндүргөн жардамчы китеп болуптур десем жанылышпайм».

Китептен мисалдар:

«Мен сенин жүрөгүңмүн

Сен али төрөлө электе эле денеңде иштеп баштагам. Билсең бир мүнөткө да токтоп калбай, эс алуу деген эмне экенин билбей, көкүрөгүңдү түрсүлдөтүп келем. Ар секунд сайын согуп келем, бирок, сен бир жолу болсо дагы ушул жеримди түрсүлдөтүп жаткан «ким бул?» деп кулак түрүп көрдүң беле? Жок… Билгиң келсе, мен сенин денеңдин мотору деп аталган жүрөгүң болом. Эчен жылдан бери мени тыңшабаганың үчүн, бир да жолу кызыгып көңүл бөлбөгөнүң үчүн бүгүн сага бираз акыл айтууга аргасыз болдум».

 Боор мындай дейт:

«Майлуу тамактардан качышың керек, антпесе, мен майларды иштетүүдө кыйналам. Спирт ичимдиктери биринчи душманым экендигин айтып өткөм. Динибизде да тыюу салынган. Кай бир адам шайтандардын: «Доктур «Кичине арак ичүү ден-соолукка пайдалуу, жүрөк тамырларын ачып, канды суюлтат» деп айткан», — деген сыяктуу сөздөрүнө ишенбе! Мен бир грамм аракты зыянсыз абалга алып келүү үчүн канчалаган кордуктарды көрүп талкаланам».  

 Китептин акырында дене мүчөлөрүн уккан адам баласы Жаратканга шүгүр келтирет:

«Адам шүгүр кылууда…

Оо, мени чеберчилик менен, кереметтүү органдар менен жабдыган, Жаратканым! Жашап кетишим үчүн мага белек кылган органдарың ирети менен өздөрүн тааныштырып чыгышты. Чынында, Сага кулчулук кыла билүүм үчүн көз ирмемчелик убак да кайдыгер карабай кам көрүп жүргөн дене мүчөлөрүм менен ишим деле жок болчу. Аларды канча жылдан бери базардан текей сатып алгансып колдонуп келгенимди кара. Көрсө, дүйнөнүн эң баалуу казынасы менде турбайбы».

Андан сырткары китептин аягында денеге байланыштуу кыргыз макалдарынан да мисалдар келтирилген.

АНДА ЭМЕСЕ, ӨЗҮҢДҮ ОКУ!

Китепти сатып алууну каалагандар үчүн:

Тел.: (0500) 444-822

Вотсап: (0551) 800-500

Фейсбукта: Жамгыр Китеп

Инстаграмда: jamgyr_official

Copyright © 2017 Maral FM