Биз менен байланышыңыз

Сейдакматова: Президенттин сыйлыгы туулган күнүмө белек болду

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 695 | 0

Кечээ 19-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлык тапшырды. Сыйлык алгандардын катарында II даражадагы Манас ордени менен Кыргыз Эл артисти, залкар актриса Жамал Сейдакматова да бар. Ал ак эмгектин акыбети кайтарына дагы бир жолу ынанып отурганын айтып, «Сахнага жаркылдап чыккан менен, анын артында көптөгөн түйшүк бар», — деди.

— Менин жашоом төгүлгөн роза гүлүндөй, кызыл килемдей болгон жок. Кыйналдык. Бирок жакшы мүнөттөр да көп болду. Анын бири бүгүнкү күн десем болот. Туулган күнүмө белек болду. Кубанып турам

Белгилей кетсек, Жамал Сейдакматова Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, II, III даражадагы Манас орденинин ээси. Ал «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Ак илбирстин тукуму», «Кара кийикке жол» сыяктуу бир топ фильмдерде роль жаратып, эл алкышына татыган.

Материалды толугу менен окуу үчүн, бул ссылкага кириңиз:

Ысык-Көлдө Жамал Сейдакматованын 80 жылдыгы белгиленүүдө

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM