Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө Жамал Сейдакматованын 80 жылдыгы белгиленүүдө

Кыска кабар | 8 Сен 2019 | 878 | 0

Ысык-Көл облусунун Темир айылында КР эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу актрисанын жакындары «Маралга» билдиришти.

Маалыматка ылайык, мааракеге Жамал Сейдакматованын жакындары, кесиптештери жана санаалаштары катышууда.

Айта кетсек, Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата 23-28-сентябрь аралыгында Ош шаарында «Арт-Ордо» эл аралык VII театр фестивалы да өтөт.

Белгилей кетсек, Жамал Сейдакматова Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, II, III даражадагы «Манас» орденинин ээси. Ал «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Ак илбирстин тукуму», «Кара кийикке жол» сыяктуу бир топ фильмдерде роль жаратып, эл алкышына татыган.

 

1957-жылдан тарта Кыргыз драма театрында эмгектенип, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алган жүздөгөн каармандардын образын жараткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM