Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков Кувейттин Финансы министрин кабыл алды

Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 438 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда Кувейттин Финансы министри Наиф Фалах Мубарак Аль-Хажраф менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы финансылык жана инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков экономикалык жана финансылык көмөгү үчүн Кувейт мамлекетине ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенине токтолду. Ошондой эле «Ас-Салам», «Ас-Сафа», «Ассанабил» кайрымдуулук фонддорунун Кыргызстанда жүргүзүп жаткан иштерин канааттануу менен атап өттү.

Өлкө башчы муну менен бирге, өлкөлөр аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өстүрүү зарылдыгын баса белгилеп, аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, айыл чарба, билим берүү, медицина ж. б. тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Наиф Фалах Мубарак Аль-Хаджраф Кувейт мамлекети бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин айтып, инвестициялык сунуштарды карап чыгып, биргелешип иштетүүгө даярдыгын билдирди.

Белгилей кетсек, стратегиялык-инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууда Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт Фонду Кыргызстанга алгылыктуу салым кошуп келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM