Connect with us

«Лейлектеги аткезчилик 5-6 аткаминердин кызыкчылыгы»

Саясат | 18 Сен 2019 | 1420 | 1

Кыргыз-тажик чек арасындагы маселени чечүүдө радикалдык жолдорго барардан мурда майда рычагдарды колдонуу туура. Эл өкүлү Исхак Пирматовдун пикиринде, мындай рычагдардын бири Тажикстанга транзит менен өтүп жаткан миңдеген тонна аткез товарларды бууп салуу. Ал эми жергиликтүү эл аткезчиликке жогору жактагы аткаминерлердин түз тиешеси бар десе, серепчилер аткезчиликке бөгөт коюу үчүн чек ара такталышы керектигин айтат.

Пирматов: Аткезчиликти бууп салуу — экономикалык чоң сокку

Чек ара маселесин чечүүнүн бир эле жолу — делимитация, демаркация процессин аягына чыгаруу. Бул — Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттөр аралык комиссиясынын жумушу жана компетенциясы. Мындай пикирин депутат Исхак Пирматов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

— Тилекке каршы, тажик өкмөтүнүн комиссия мүчөлөрү сөзгө келбей, бизге таптакыр туура келбеген шарттарды айтып, компромисске келүү абдан татаал болууда. Түзүлгөн жагдайда болгон рычагдарды колдонбоо — өтө туура эмес жана жадагалса, кылмыш деп эсептейм! Ал рычагдардын эң негизгиси — Баткен областы аркылуу Тажикстанга транзит менен өтүп жаткан миңдеген тонна контрабанданы бууп салуу! Бул чоң экономикалык сокку болот. Сүйлөшүү процессин баштап, демаркация процессин жыйынтыктаганга кошуналарыбызды мажбурлайт. 5-6 аткаминердин бизнес кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы өйдө туруш керек!

Эл өкүлү ошондой эле, «Өкмөттүн мындай чечкиндүү кадамга барууга тез арада эрки жетет», — деген ишенимин кошумчалаган.

Пирматов: Чек араны чечүү үчүн аткезчиликти токтотуу керек

Ал эми депутат Таабалды Тиллаев «Марал» радиосуна берген маегинде аткезчилик боюнча маселени эл өкмөт менен болгон жолугушууда да айтып, бөгөт коюу талабын койгонун маалымдады. Анын пикиринде, чек аранын такталбагандыгы аткезчиликтин эркин болуусуна шарт түзүүдө.

— Ар түрдүү документтерге кол коюлган. Көптөгөн иштер болуп кеткен. Май куюучу жайлар курулуп кеткен. Аны чечүү бүгүн өтө оор. Ал эми аткезчилик боюнча жок деп айтпайм, бар. Ал боюнча да эл Өкмөт башчыга маселе койду. Биз контрабанда мыйзамсыз дейбиз. Бирок чек аранын баары ачык, каалаган жеринен кирип-чыгып жатат.

Аткезчилик менен алектенген атайын топтор бар. Аларды чоңдор калкалайт

Лейлек районунун тургуну, активист Мурат Эгембердиев эл өкүлүнүн айтканына толук кошулат. Анын белгилешинче, кыргыз-тажик чек арасы такталбагандыктан, мыйзамсыз жол менен товар өткөрүү кыйын эмес жана бүгүнкү күндө үстүнөн калкалоочусу бар атайын топтор бул иштерди тоскоолдуксуз жүргүзүүдө.

— Негизинен аткезчилик менен алектенген кылмыштуу топтор аябай көп. Аткезчилик мыйзам бузуу болуп эсептелет. Эгерде аларды жогору жактан бирөө калкалабаса, албетте, жөнөкөй эл кылалмак эмес. Бизден Тажикстанга негизинен көмүр менен күйүүчү май өткөрүлөт. Сүлүктүдө өндүрүлгөн көмүрдүн 20-30 пайызы гана Лейлекте калат. Калганынын баары Тажиккстанга мыйзамдуу жол менен да, мыйзамсыз жол менен да ташылып жатат. Ал эми күйүүчү май чет өлкөдөн келгендиктен, чоң ишкерлер, аткаминерлердин иши экени айдан ачык. Бизде чек ара такталбагандыктан, кошуна өлкөгө товар алып өтүү жолдору өтө көп. Чек арада жашаган элдин баары билет, тактап айтып берет.

Бажы кызматы: Тажикстанга күйүүчү-майлоочу майлар, көмүр, мунай чыгат

Жергиликтүү эл: «Тажиктер биз аркылуу каалаган товарын өткөрүүдө», — деп коңгуроо кагып, эл өкүлдөрү бул маселе чек ара көйгөйүн чечүүдө негизги рычагдардын бири экенин айтып жатат. Мындан улам биз бажы кызматына: «Кыргыз-тажик чек арасында жыл башынан бери аткезчилик боюнча канча иш катталды?» — деген суроо узатып көрдүк. Бажы кызматынын маалымат катчысы Жаманак Нүсүркановдун айтымында, экспортко чыккан товарлардын баарына бажы алымы төлөнүп жатат. Аларды токтотууга эч кандай тоскоолдук жок. Ал кошумчалагандай, Кыргызстанга мыйзамсыз киргизилген товарлар тыкыр көзөмөлдөнүп, 103 факты катталып, тергөөгө өткөрүлгөн.

— Контрабандага каршы күрөшүү кызматы тарабынан 1-январдан бүгүнкү күнгө чейин Тажикстандан мыйзамсыз товар алып кирүү боюнча 103 факты катталды. Биз алардын баарын тергөө кызматтарына өткөрүп бердик. Кыргызстандан кошуна өлкөгө цемент, айнек, күйүүчү-майлоочу майлар, көмүр, мунай чыгат. Бирок алар бажы алымын төлөп чыгып кетет. Экспортко чыгууга бизде эч кандай тоскоолдук жок. Мыйзамсыз жол менен чыгаруу боюнча канча факт катталгандыгын мен азыр айта албайм.

Мамытканов: Тажикстанды сестентүү кыйын эмес

Тажикстанга негизинен көмүр жана мунай ташылат. Мындан сырткары, Кытайдан ташылган товарлар да биз аркылуу өтөт. УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамыткановдун пикиринде, Тажикстанды сестентүү кыйын эмес. Болгону тиешелүү органдагы кызматкерлер «комерсанттыгын» токтотуусу керек. Ошол эле учурда, чек аранын такталуусу да маанилүү.

— «Чек ара жок» деген сөз — бул, таптакыр эчтеке текшерилбейт, эч ким көзөмөлдөбөйт дегендик. Биздин чоңдор эмнеге буга көңүл бурбайт? Эң негизгиси күйүүчү майдын баары өтүп жатат. Алар үчүн эң арзан баа бизде. Мындан сырткары, Кытайдан ташып жаткан товарлардын көпчүлүгү биз аркылуу өтөт. Тажикстандын Кытайга өтө турчу башка жолу жок. Ошон үчүн Кытайдан келаткан аткезчиликтин баарын тыйчу болсок, тажиктердин иши бүтөт. Мына ошондо сестенет. Биздин «комерсанттар» аткезчиликти токтотушу керек. Алар кимди байытып, кимге жакшылык кылып жатат?!

Эске сала кетсек, 16-сентябрь күнү Лейлек районунун Тажикстанга чектеш аймагында ок атышуу болуп, бир кыргыз аскери каза болгон. Дагы 13 адам жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM