Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы боюнча комиссиясынын кезектеги жыйынына Абдил Сегизбаев чакырылат

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 404 | 0

Ушул жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын имаратында көчмө жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кезектеги жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүнө документтер топтомун, анын ичинде «өтө жашыруун» делген маалыматтарды тааныштырды.

Мамкомиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы, коомдук ишмер Турусбек Коеналиевди, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди чакыруу чечими кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM