Биз менен байланышыңыз

Унаа салыгын төлөбөгөн 1 миңден ашык жаранга айып салынды

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 366 | 0

Өлкө боюнча унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлгөн 10 күндүк рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында 11 миң 670 унаа токтотулуп, анда 1 миң 36 унаанын ээси унаа салыгын төлөбөгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Рейддин жыйынтыгында мыйзам бузгандарга карата административдик айып салуу менен тийиштүү актылар түзүлдү, 750 айдоочу жеринде салыктарын төлөшсө, 3 миң 355ине салык төлөө фактысын ырастаган атайын чаптама берилди.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик салык кызматы 3-сентябрдан тартып ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, аймактарда жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле шаардын кварталдык комитеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча үймө-үй кыдыруу жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн унаа ээлери негизги салыктын суммасынан тышкары, жеке жактар 1 000 сом, юридикалык жактар 5 000 сом өлчөмүндө административдик айыпты жана ар бир өткөн күнгө туумду кошуп төлөйт.

Copyright © 2017 Maral FM