Connect with us

Депутаттар каза болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө 2 күндүк маянасын которот

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 432 | 0

Лейлекте Тажикстан менен чек арадагы атышууда жана Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында каза болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан материалдык жардам көрсөтүү сунушталды. Мындай демилгени КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рысбаев көтөрдү.

«Баткенде элди коргоп жатып, бир аскерибиз каза болду. Артында 3 баласы калды. Жакында эле Кой-Таштагы окуяда да УКМКнын атайын аскери окко учкан. Анын да артында 3 баласы калган. Мен депутаттарга эки күндүк эмгек маянабызды которуп, жардам берсек деген сунуш айтам, добуш менен чечип берсеңер», — деди депутат.

Эске салсак, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Лейлек районуна караштуу Максат айлында эки тараптуу атышуудан бир чек ара кызматкери каза болуп, 13 адам жаракат алган. Алардын ичинен 10 жаран Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен дарыланууга Бишкекке жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM