Биз менен байланышыңыз

«Нарындагы көмүр кендеринде коопсуздук сакталбай жатат»

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 512 | 0

Нарын облусундагы көмүр кендеринде экологиялык-техникалык коопсуздук сакталбай жатат. Бул көйгөйдү Нарын облусундагы райондор аралык мамэкотехинспексиянын башчысы  Улан Жаанбаев көтөргөнүн Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы билдирди.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Ак-Талаа районуна жасаган иш сапарында Турук көмүр кениндеги «Кенч Строй», «Сардар», «Саячык» көмүр казуучу ишканаларынын жүргүзүп жаткан иштери менен таанышып, кышка даярдык маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Жыйында облус жетекчиси ишканаларга райондогу бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыздоону 1-октябрга чейин аяктоо талабын койду. Ал эми көмүр казуу ишканалары жакынкы он күн аралыгында элди көмүр менен камсыздоого даяр болушарын маалымдашты.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар жол, социалдык төлөм, жайыт сыяктуу бир катар маселелерди көтөрүп, облус жетекчисинен тез арада чечип берүүсүн өтүнүштү.

Мындан тышкары, облус жетекчиси Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылындагы «АРИС» эл аралык уюмунун жана жергиликтүү тургундардын каржылоосунда бүткөрүлгөн Ветеринардык сервис кызматынын жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын ачылышына катышты.

Copyright © 2017 Maral FM