Биз менен байланышыңыз

Митингчилер Канттагы авиабазаны Баткенге көчүрүүнү талап кылышты

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 1481 | 1

Баткендеги чек ара маселесине чекит коюлбай жатканына нааразы болуп, Бишкекте акцияга чыккандар Кант шаарындагы авиабазаны Баткенге көчүрүүнү талап кылышты. Акциячылар муну менен бирге жалпысынан 7 талап коюшту:

  1. Курамына Баткен облусунун мурунку губернатору Мамат Айбалаев, Баткен облусунун аксакалдары, коомдун өкүлдөрү, активисттер, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана журналисттер киген мамлекеттик комиссия түзүү;
  2. Кант шаарындагы авибазаны Баткенге которуу маселесин карап чыгуу;
  3. Коомчулукка ЖМК аркылуу ыкчам жана так маалымат берүү;
  4. Кыргызстандан Тажикстанга аткезчилик жүктү Баткен облусу аркылуу ташууну токтотуу;
  5. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын ишин ачык-айкын өткөрүү;
  6. Баткен облусуна өзгөчө макам берүүнү кароо, күчтүү жана чечкиндүү жаңы губернаторду дайындоо, губернатордун ыйгарым укуктарын көбөйтүү маселесин, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо жана жер маселесин кароо;
  7. Баткен облусундагы чек арага жакын аймактарда жашаган жарандарга жер тилкелерин бекер бөлүп берүү, сугат суу менен камсыз кылуу жана электрофикация маселесин чечүү;

Бүгүн, Баткен облусунун Лейлек районунун жашоочулары Бишкектеги Горький атындагы гүлбакчада жана «Ала-Тоо» борбордук аянтында митинг өткөрүштү. Андан кийин Биринчи май райондук акимиатынын имаратына барып, райондун жетекчилери менен жолугушту.

Акцияга чыккандар маселени Жогорку Кеңеште талкуулоону, бул үчүн бийлик эки сааттын ичинде мүмкүнчүлүк түзүп берүүсүн талап кылышты. Жыйында ошондой эле, күч органдарын тейлеген вице-премьер Жеңиш Разаковдун ишине эл нааразы экени айтылып, аны кызматтан алуу талабы коюлду.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    18.09.2019 23:11

    Канттагы Россияны авиябазасын Россия чечет, эл аралык келишим, ОДКБ мучолору ич ара чыр чаттака аралашпайт. Тажикстанда Росиянын 201 дивизясы турат чек араны карап,болбосо талибтер Тажикстанда бир кундо алып коет.
    Башкадан жардам кутпой чек ара маселеси чечиш керек, болбосо окмот баары, парламент кетиш керек. Тиллаев эл аралык келиштмдерди окуган эмеспи, Росиянын коп армиясы Тажикстанда.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM