Биз менен байланышыңыз

Грек-рим күрөшчү балбан Атабек Азисбеков Токио Олимпиадасына лицензия утту

Кыска кабар , Спорт | 16 Сен 2019 | 671 | 0

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков Токио Олимпиадасына лицензия утту. Дүйнө чемпионатында 87 кило салмакта күч сынашкан балбаныбыз көңүл жубатуучу беттеште кытайлык Жунжие НА менен кездешип, 6:1 эсебинде утту.

Эми Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн Өзбекстандык Рустам Ассакалов менен күрөшөт.

Ушул күндөрү спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Анда ар бир салмакта 1-ден бешинчиге чейинки  орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо берилет.

Copyright © 2017 Maral FM