Connect with us

Бүгүн Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары башталды

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 518 | 0

Бүгүн Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Программага ылайык, бүгүн 16-сентябрда улуттук ат оюндары башталат. 19-сентябрдан тарта маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Анын алкагында өлкөнүн 7 облус, 2 шаарынан катышуучулар келип, өз аймактарынын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшөт.

Улуттук көчмөндөр оюнунун өзгөчөлүгү катары кыз-келиндердин боз үйдү тез чечүү сынагы болмокчу. Жалпысынан 4 күнгө созулган иш-чарада ар бир облус 7ден үй тигишет. Күтүлүп жаткандай, оюндардын маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагында өтөт, ал эми спорттук бөлүгү – Райкан Алканов атындагы ипподромдо өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM