Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: 16- сентябрда тоолорго кар жаап, үшүк жүрөт

Кыска кабар | 15 Сен 2019 | 420 | 0

15-16-сентябрларда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. 17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарыноблустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлерде абанын температурасы 0…-2° болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Ал эми Кыргызстандын тоолу унаа жолдору жана Бишкек-Ош унаа жолуна жолго чыгайын деп жаткан айдоочуларга ӨКМ төмөнкү чараларды эске алууну сунуштайт:

-ӨКМдин Гидрометереология агенттигинин аба-ырайы жөнүндө маалыматты эске алууну;

-Тоолуунаа жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону;

-Унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкы шинага алмаштыруну;

-Аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алууну жана өзгөчө кырдал болгон учурда 112 кызматына чалууну сунуштайт, чалуу акысыз.

Copyright © 2017 Maral FM