Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Көчмөндөр оюндарына 20 миң адам келери болжолдонууда

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 443 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 16-21-сентябрга чейин Талас облусунда өтө турган Улуттук көчмөндөр оюндарына карата даярдык жана аны өткөрүү иштери боюнча аталган облуста көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Алтынай Өмүрбекова «Манас Ордо» улуттук комплексинин аймагын жана мелдештер өтө турган Талас шаарындагы ат майданды көрүп чыкты.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, оюндун маданий бөлүгү: этношаарча, этнобазар жана башкалар – «Манас Ордо» комплексинин аймагында, ал эми спорттук ат оюндары Р. Алканов атындагы ат майданда,  күрөштүн түрлөрү боюнча — «Газпром» дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинде өтөрүн маалымдады.

Учурда акыркы даярдык иштери жүрүүдө.

Алтынай Өмүрбекова бардык даярдык иштерин мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды.

«Оюнга 10 миңден 20 миңге чейин адам келери болжолдонууда. Бардыгы жогорку деңгээлде өтүшү керек. Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын брендине айланды, муну туризмди өнүктүрүү үчүн натыйжалуу колдонуу керек», — деди Алтынай Өмүрбекова.

Белгилүү болгондой, Улуттук көчмөндөр оюндары Талас облусунда 16-21-сентябрга чейин өтөт. Он улуттук оюн боюнча мелдештер болот.

Copyright © 2017 Maral FM