Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасынан 2 тонна күйүүчү майдын мыйзамсыз алып өтүлүшүнө бөгөт коюлду

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 326 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө пунктунан 2 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүп бараткан жарандын аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат бөлүмү билдирди.

Жүк жүктөөчү жерине жашыруун бекитилген кошумча бак менен мунайзатты алып өтүүгө аракет кылган Setra маркасындагы автобустун айдоочусу кармалды. Белгиленген ченемдерге ылайык, машинанын багындагы күйүүчү майды эске албаганда, күйүүчү майды жеке адам 20 литрден ашпаган  ченемде гана транспорт менен алып өтүүгө уруксат берилет.

Мыйзамга ылайык, бузуу фактылары боюнча материалдар андан аркы иш-чараларды жүргүзүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM