Биз менен байланышыңыз

Акыркы 8 айда ИДӨ 6,2 %га өстү

Кыска кабар | 12 Сен 2019 | 351 | 0

Ички дүң өңдүрүм алдын-ала баалоо боюнча ушул жылдын январь-августунда өткөн жылдын аталган айларында салыштырмалуу 6,2 %га көбөйүү менен 334,6 млрд. сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү өткөн жылдын январь-августунун деңгээлинен 3,0 пайызга ашуу менен 298,5 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы  билдирди.

ИДПнын өсүшү, негизинен, өнөр жай, курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товар өндүрүү тармактарынын өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу өсүү темпи 110,8 пайызды, ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 102,5 пайызды түздү.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү тармактарына (46,2 пайыз) туура келди, ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,1 пайызга азайды, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 2,5 пайыздык пунктка көбөйдү жана 39,2 пайызды түздү.

Өнөр жай тармагынын үлүшү 21,0 пайызга жакынды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1 пайыздык пунктка жогору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM