Биз менен байланышыңыз

Каныбек Иманалиев эл аралык адабий сыйлыкка ээ болду

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 811 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев эл аралык адабий сыйлыкка ээ болду. Бул маалыматты анын жардамчысы таратты.

Белгилей кетсек, Москва шаарындагы А. Скрябин атындагы үй-музейде Евразия чыгармачыл Кеңешинин жыйыны өткөн. Анда аталган Кеңеш тарабынан негизделген Евразия эл аралык алтын сыйлыгы Маданиятка кошкон салымы үчүн Каныбек Иманалиевге ыйгарылган.

Каныбек Иманалиев коомчулукка акын, жазуучу катары да белгилүү. Анын «Арзуу ыры» поэтикалык жыйнагы, «Жоогазын ыры», «Алтын-Көлдүн ак куусу» сыяктуу повесттери, «Тагай бий», «Шабдан баатыр» сыяктуу тарыхый романдары окурмандардын кызыгуусун жараткан. Жүздөн ашуун ырына обон жазылып, учурда көптөгөн ырчылардын репертуарынан орун алган. Буга чейин КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын «Достук багы» алтын медалы, ошондой эле, КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда өткөн эл аралык сынакта «Биздин замандаш» номинациясынын I даражадагы диплому менен сыйланган.

 

Copyright © 2017 Maral FM