Биз менен байланышыңыз

«Латын арибин тандабасак, кийин иероглифке өтүп калабыз»

Күн чекит | 11 Сен 2019 | 1248 | 1

11-сентябрь, Билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин кароо учурунда латын алфавитине өтүү маселеси кайра көтөрүлдү. Депутат Алтынбек Сулайманов түрк тилдүү элдерден Кыргызстан эле кирилл алфавитинде калганын айтып, бул боюнча Исаковдун пикирине кызыкты. Министрдин ою боюнча, мүмкүнчүлүк болсо латын алфавитине өтүүгө болот. Бул кадам кыргыз тилинин өнүгүүсүнө да салым кошот.

Бул тема боюнча инженер-программист Айкут Конушбай менен маек курдук.

— Белгилүү болгондой Каныбек Исаков: «Латын алфавитине мүмкүнчүлүк болсо өтүү керек», — деген оюн айтты. Сиз кандай пикирдесиз?

— Туура пикир. Жаңы шайланган министрдин оюн колдойм. Анткени, тарыхка карай турган болсок, 100 жылдай мурун латын алфавити кабыл алынган экен. Бул чечимге биз айтып келген улуу инсандарыбыз жөн жерден барбаса керек. Бүгүнкү күндө кирилл алфавитин Орусия эле колдонот. Алар көптөн бери жаңы нерсе чыгарбай калган. Жаңы технологиялар негизинен Батыш өлкөлөрүнөн чыгат.

— А эмне себептен өтүү керек? Латын алфавитине өтүүгө канчалык муктаждык бар?

— Мен өзүмдү эле мисал келтирсем, кесибим боюнча инженер-программистмин. Биз окуган, үйрөнгөн маалымат булактарынын баарынын түпкү нускасы — англисче. Бүт — Америка, Европа адистери жазган булактар. Анын баарын орустар которот, андан соң ал маалымат бизге жетет. Англис тилин билген адамга бул булактар мааниси өзгөрбөгөн түрдө жеткени жакшы. Латын алфавитин билсек, тил үйрөнүү да жеңилдейт. Бүгүнкүдөгүдөй эки алфавит жаттабайбыз.

— Латын алфавитине өтүү маселеси биринчи жолу айтылып, көтөрүлүп жаткан жок. Буга чейин да айтылып, бирок эч кандай аракет көрүлгөн эмес. Бизде латын алфавитине өтүүгө кандай тоскоолдуктар бар?

— Кагаз түрүндөгү материалдар боюнча маселе болушу мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө баары санариптешпедиби. Болгону маалымат системаларына латын арибин киргизебиз. Учурда латын ариби менен кыргызчага ыңгайлаштырылган атайын клавиатуралар да чыккан. Жалпылап алганда, тоскоолдук деле жок.

— А каржы маселесичи, тоскоолдук эмеспи?

— Канча каражат кетерин эсептеп көргөн эмеспиз. Коңшу Казакстан 600 миллион доллардын тегерегинде коротот экен. Кантип эсептегенин да билбейт экем. Биз да: «Бүгүнкү күндөн баштап өтөбүз», — деп айтып коюшубуз керек. Акырындан өтсө болот. Биз азыр эле күнүмдүк турмушта латын арибине өтүп кеткенбиз. Эч кандай тоскоолдуксуз окуйбуз, кат алмашабыз…

— Азыр деле бизге керектүү маалыматтардын баары кирилл алфавити менен жеткиликтүү. Ушул кирилл алфавитинде эле калсак эмне болот?

Кирилл алфавити убактылуу эле болот. Жаныбызда Кытай келатат. «Латын арибине өтпөсөк, кийин кытай иероглифтерине өтүп калабыз го?» — деген ойдомун.

Кыргыз тилинин латын арибинде тамгаларды кандай жазуу туура? Талкуу жаратчу тамга жана тыбыштар:- "Ө"- "Ү"- "Ң"- "Й…

Опубликовано Айкут Конушбай Понедельник, 9 сентября 2019 г.

1 пикир

1 пикир

  1. Касым

    12.09.2019 10:26

    Латын арибин колдонуу кыргыз мамлекетин толук эгемендуулуко жеткирет.жогоруда айткандай интернет булактары бут латын арибинде азыр элибиз латын арибинде ансыз деле колдонуп атышат.эл оздоштуруп алды окуп атышат.орус идеалогиясынын жайылышына тоскоол болот эле.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM