Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков 5 өлкөнүн элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 430 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда, Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гарреттен, Казакстандын элчиси Кайрат Нурпеисовдон, Малайзиянын элчиси Хенди Ассандан, Армениянын элчиси Гагик Галачяндан жана Индонезиянын элчиси Сунарио Картадинатадан Ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Алардын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалоо менен өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөөдө олуттуу салым кошооруна ишенимин билдирди.

Президент соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, саясий чөйрөдө, ошондой эле парламенттик демократияны өнүктүрүү, туризм жана инвестициялык кызматташтык маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын жана кызыкдарлыгын билдирди.

«Сиздер эки тараптуу аракеттенишүүнүн потенциалын өстүрүүгө, элдерибиздин ортосундагы достукту бекемдөөгө өз салымыңыздарды кошосуздар деп ишенем», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Индонезиянын Элчиси Сунарио Картадинат өз ара кызыгууну жараткан бардык тармактарда кызматташууну активдештирүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Ал жакында Индонезияда эл аралык ЭКСПО көргөзмөлөрү өткөрүлө турганын белгилеп, кыргызстандык ишкерлерди да катышууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM