Биз менен байланышыңыз

Бишкек: 3 күндө ичкилик ичип унаа башкарган 25 айдоочу катталды

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 436 | 0

Бишкекте 3 күн ичинде ичкилик ичип унаа башкарган 25 айдоочу катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган кызмат «Терезесин караңгылатуу»  жана «Мамлекеттик номери жок» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүшкөн. Анда үч күн ичинде 394 жол эрежесин бузуу катталган.

Алардын:

25и – Транспорт каражаттарын ичкилик ичип айдагандар;

9у- Автоунаалардын терезесин караңгылаткандар;

39у- Тиешелүү документи жок унаа айдагандар;

140ы- Жогорку ылдамдык менен айдагандар;

17си- Жол белгилерине карабай айдагандар;

31и- Белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатын колдонгондор болгон.

Жалпысынан 31 унаа айып аянтчасына киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM