Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Катуу шамал Караколдогу үйлөрдү кыйратып кетти

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 679 | 0

Кечээ, 10-сентябрда Каракол шаарында катуу шамал жүрүп, бир нече турак жайды кыйратып кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз билдирди.

Каракол шаар мэринин орун басары Сейит Өскөнбаев маалыматына караганда, Кашка-Суу кичи районундагы Нургазиев, Масалиев, Келечек көчөлөрүндөгү жана Каракол ат майданына жакын жерлердеги 25тен ашуун үй, сарайлардын чатыры учуп, автоунаалардын терезелерин талкалап кеткен.

Учурда шаардык мэрия жана ӨКМ тарабынан жарандык коргоо комиссиясы түзүлүп, тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM