Биз менен байланышыңыз

Кутманова: Өкмөт «Центеррадан» өз үлүшүн талап кыла албай жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Сен 2019 | 561 | 0

Жогорку Кеңеш мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын ойлоп, «Кумтөр» боюнча бардык токтомдордо коюлган талаптарды карап, чечим чыгарышы керек. Ошондо гана парламентти чечкиндүү деп атоого болот. Болбосо, азырынча эч кандай маселе чечилбей жатат. Бул тууралуу эколог Динара Кутманова «Маралда» «Айлампа» программасында маек берип жатып билдирди.

Анын баамында, кыргыз өкмөтү экология маселелери боюнча иш алып барбай жатат.

Кутманова кодекске ылайык суу товар катары пайдаланыларын айтып, бирок «Кумтөр» ишке киргенден бери сууну акысыз пайдаланып жатканын эске салды.

Мындан сырткары, өкмөт «Центерра» компаниясынан мыйзам чегинде ала турчу каражатын албай туруп, 100 эсе аз акчага мактанып жатканын сынга алды.

«Эмне үчүн суунун акысын жарандар төлөйт да, «Кумтөр» бекер пайдаланат?  Алсак, 15 жылда суунун акысы 1,5 млрд долларды түзөт. Биз 150 млн долларга мактанып жатабыз. Бул элдин башын айлантуу үчүн жасалган аракет. Ар бир ишкана мыйзам чегинде иштеши керек. Парламент бул боюнча токтом чыгарып, өз эркин көрсөтсө болмок. Эл өкүлдөрү «Кумтөр» маселесин, жоопкерчилигин карап берсе жакшы болмок. Парламент өкмөттү эле сурай берет. Эмне эл өкүлдөрү өздөрү чыгарган токтомдорду көзөмөлдөбөйбү?» — дейт Кутманова.

Ал белгилегендей, экологиялык маселелер боюнча коюлган доо жокко чыгарылып, 444 млрд сом сотто каралбай калган.

«Центерра» компаниясы келтирилген экологиялык зыян боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине жыл сайын 3 млн доллар төгөт. Бирок өкмөттүн токтому менен эсептегенде, ал 10 эсеге аз. 2012-жылы өкмөттүк комиссия экологиялык зыяндын көлөмүн 60 эсеге азайтып эсептеп берген. Эксперттер какшап айтканыбыз менен сөз боюнча калып калууда. Өкмөт жасаган иштерди карап жаның кейийт», — дейт эколог.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-августунда кыргыз өкмөтү «Центерра» компаниясы менен стратегиялык келишим күчүнө киргенин жарыялаган. Ага ылайык, мамлекетке учурдагы салыктардан сырткары дагы 150 млн доллар түшөт.

Copyright © 2017 Maral FM